www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен уу коргошунга эки жолу ууланып, араң аман калгам”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.
--“Мен бул уу коргошунду алгач адамдардан, Кытайдан келген дунган табыптан уктум. Алар айткан ыкма менен ичип көрсөм, шыпаасын берип жакшы болдум. Ошондон кийин үзгүлтүксүз ичип, аны анализдеп көрдүм. Кийин эки жолу ууланып, араң аман калгам. Ошондо дозасын билбей ичип алсам керек. Уу коргошунду ичүүдө тамырына жараша болот. Мен былтыр коронавируска ичсемби дегем. Бирок уу коргошундун тамыры жаңы болуп ичкен жокмун. Себеби, жаңы тамыр күчтүү болуп, адамды ууландырат.
Айрым ооруларга аябай жакшы, таасири чоң. Айрыкча кээбир адамдарды реанимациядан “айыкпайт” деп чыгарып койгондо, уу коргошунду ичип сакайып, бутуна туруп кетишет. Кээбири көтөрүп кетсе, кээбири көтөрө албай кулап калат. Мына ар бир адамдардын денесине ар башка таасир берет. Бул жерде дагы бир жагдай тамырды чогултканга көз каранды болот”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg