www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Орок айылында жаңы салынып жаткан футбол стадионуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы кабарлады.

Анын айтымында, мамлекет башчыга 45 миң орундуу футбол стадионунун долбоору көрсөтүлгөн.

"Бул объект Бишкектин символдорунун бири болору күтүлүүдө. Ал эми футбол аянтчасы FIFA уюмунун стандарттарына жооп бермекчи. Долбоорго ылайык, стадиондун жалпы аянты 180 миң чарчы метрди түзүп ичинде автопарк, техникалык жайлар, соода-оюн-зоок борбору жана башка объектилер жайгашат", — деп жазган Алагөзов.

Мамлекет башчы ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы жабык аренанын курулушу менен да таанышкан. Кичи стадион 3 миң кишиге ылайыкталган. Анын курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалып жатканы айтылды. Ичинде кичи футбол, баскетбол жана хоккей ойносо болот.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости