www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада кароосуз калган беш ымыркай Бишкекке алып келинди

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кароосуз калган беш бөбөктү Москвадан Кыргызстанга алып келгенин ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, наристелердин эң кичинекейи үч айлык болсо, улуусу 1 жашта.

"Балдарды өлкөгө алып келүү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган. Эми Эмгек министрлиги балдарды үй-бүлөсү менен жолуктуруп, аларга медициналык, укуктук колдоо көрсөтүү боюнча иш алып бармакчы", — деп жазылат кабарда.

Ведомство бул ишке көмөк көрсөткөн Россиянын камкорчулук органдарына, өлкөнүн консулдук жана чек ара кызматтарына ыраазычылык билдирген. 2011-жылдан бери Кыргызстанга ата-энесинин кароосу жок калган 167 бала кайтарылганы кошумчаланды.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости