www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөдө мамлекеттик туруктуулук жана мыйзамдуулукту камсыздоо маселесине токтолуп, “төңкөрүштөргө мындан ары жол берилбейт” деген катуу позициясын билдирди.
Президенттин айтымында, өлкө азыр мурункудай алсыз эмес, мамлекеттин бардык институттары бекем иштеп жатат.
“Биринчиден, төңкөрүшкө шылтоо бербейбиз. Экинчиден, мурдагы алсыз мамлекет жок — мамлекет азыр күчтүү. Үчүнчүдөн, эл кимди колдоо керектигин, кимди бийликте көргүсү келбесин жакшы билип калды,” — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы мындан ары ар кандай төңкөрүш аракеттерине жол берилбей турганын белгилеп, мындай көрүнүштөрдөн пайдаланган мародёрчулук жана мыйзам бузуу учурлары элдин эсинде экенин эске салды.
“Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр. Төңкөрүштөн пайдаланып мародерчулук кылгандар, алдым-жуттумдук менен байыган учурлар кайра кайталанбайт,” — деп кошумчалады ал.
Президенттин бул билдирүүсү коомчулукта жана социалдык тармактарда талкуу жаратты.