www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде өлкөгө иш сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (СУАР) Элдик ѳкмөтүнүн төрагасы Эркин Туниязды кабыл алды.

«Жолугушууда кызматташтыкты кеңейтүү, келечектүү долбоорлор, санариптештирүү, транспорттук логистика, инвестиция, айыл чарба жана гуманитардык багыт сыяктуу тармактар боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы былтыр май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарын жылуу сезим менен эстей турганын белгилеп, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду. Садыр Жапаров СУАР менен кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстан Кытай менен Шанхай кызматташтык уюмунун, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин жана «Борбордук Азия-Кытай» форматынын алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө ар дайым даяр экенин айтты.

Мамлекет башчысы жалпы кызыкчылыкка толугу менен жооп берген Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук жана ынак коңшулук байланыштар, өз ара ишеним стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого, ошондой эле региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

Ал Кытай Кыргызстан үчүн негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири экенин, биргелешкен масштабдуу Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ийгиликтүү илгерилешин канааттануу менен белгиледи.

Эркин Тунияз өз кезегинде Кыргызстанга чоң делегация келгенин, алардын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр 50дөн ашык ири компаниялардын өкүлдөрү бар экенин айтты. Ал буга чейин эки тараптын жетекчилигинин деңгээлинде талкууланган долбоорлорго чоң маани берерин билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын СУАР менен товар жүгүртүүсүнүн көрсөткүчтөрү өсүп жатканын канааттануу менен белгилеп, соода-экономикалык байланыштарды алдыга жылдыруунун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылды. Мындан тышкары тараптар «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрүү пункттарынын ийгиликтүү жана үзгүлтүксүз иштешине өзгөчө көңүл бурушту, бул эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданы андан ары көбөйтүүнүн маанилүү фактору болуп саналат», - деп айтылат расмий маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости