www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хакимди ишеним грамотасын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы Сауд Арабия дүйнөлүк саясий жана экономикалык мейкиндикте, ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ээлерине токтолду.
Ал Сауд Арабия Кыргызстан үчүн боордош өлкө жана Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналарын баса белгиледи.
“Кыргызстан боордош Сауд Арабиясы менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.
Муну менен катар “Борбордук Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңеши” форматындагы ишмердүүлүк аймактар аралык кызматташуу үчүн маанилүү деп эсептейбиз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, Президент эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири Сауд өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча социалдык маанидеги долбоорлорду илгерилетүү экенин кошумчалады.
“Фонддун колдоосу менен өлкөбүздө турак жай, инфратүзүмдү өнүктүрүү, саламаттык сактоо жана билим берүү жаатында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлор элибиздин жана балдарыбыздын жашоо сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошууда. Ушуга байланыштуу өлкөбүзгө жана кыргыз элине көрсөтүлүп турган колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирем”, - деди Мамлекет башчысы.
Ал ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаал боюнча Сауд Арабиясынын жетекчилигине жана элине тилектештигин билдирип, Кыргызстан тынч калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келген жана жарандык инфраструктурага зыян келтирген ар кандай аракеттерди чечкиндүү түрдө айыптай турганын айтты.
Өз кезегинде Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы Элчиси Ияд бин Гази Хаким жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.
Элчи жакынкы жылдарда Сауд Арабиясы менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара мамилелер эки өлкөнүн жетекчилигинин биргелешкен аракеттеринин аркасында жаңы дем алаарына ишенимин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар тынчтыкты, туруктуулукту жана региондор аралык диалогду туруктуу өнүктүрүү максатында эки жактуу жана көп тараптуу деңгээлде активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.