www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана каада-салттардын уланышын чагылдырган байыркы элдик Нооруз майрамын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Президент ошондой эле Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачат.
Майрамдык иш-чара УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз эфирдин башталышы — саат 11:00.