www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров буга чейин мамлекет дарыгерлерге колдоо болорун, эмгек маяналары көтөрүлөрүн айткан.

«Учурда бул багыттагы иш ырааттуу жүрүп, ооруканалардагы медицина кызматкерлеринин тартыштыгын чечүү, медициналык мекемелерге жүктү азайтуу боюнча иштер жүрүүдө.

Калктын саламаттыгына кам көрүүдө дарыгерлердин ролун жогору баалоо менен, мамлекет башчысы дарыгерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарт менен ипотекага батирлерди берүүдө медицина тармагынын кызматкерлерине артыкчылык берүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды да бергенин айта кетейин.

Медициналык окуу жайды бүтүрүп, ишке жаңы келген жаш дарыгерлер бүгүнкү күндө 13 581 сом алса, апрель айынан баштап колуна 35 248 сом алышат», — деди ал.

Ошондой эле Алагөзов эң төмөнкү алган айлыктардын өсүүсүн көрсөтүү үчүн жаш дарыгердин айлыгын мисал келтирди.

«Албетте, эмгек тажрыйбасы мол дарыгерлердин апрелден кийинки эмгек маянасы ошого жараша көп болот. Башкача айтканда, “стаж үчүн” деген сыяктуу кошумча төлөмдөр жоюлбайт.

Мындан тышкары, алыскы тоолуу райондорго иштөөгө даяр дарыгерлердин айлыгы кошумча орточо эсеп менен дагы 30%га көбөйөт.

Ошондой эле «Дарыгердин депозити» программасы боюнча мамлекет бүгүнкү күндө дарыгерлерге кварталына 66 000 сомдон төлөп берет», — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Алагөзов жаш дарыгерлер талап кылынган адистиктер боюнча (педиатр, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог, жалпы хирургия боюнча дарыгер) иштегени келсе, аларга ай сайын 20 миң сомдон кошумча төлөнүп берилерин айтты.

Ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөдө иштеген 28 миң медайымдын айлык акысы 8541 сомдон 29053 сомго чейин, же үч эсеге көтөрүлөт.

«Бул — бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөр менен үстөктөрдү эсепке албаганда.

Учурда өлкө боюнча медициналык мекемелерде медициналык билими бар ар кыл багыттагы дарыгерлер талап кылынууда», — деди ал.

Алардын жалпы саны — 1596.

«Эгер сиз медициналык окуу жайды жакында эле бүтүп, азыр иш издеп жүрсөңүз, же буга чейин медициналык мекемеде иштеп жүрүп кайсыл бир себептер менен иштен кетип, азыр кайрадан медицина тармагында ишиңизди улантууну кааласаңыз, анда өзүңүз жашаган жактагы ооруканага кайрылыңыздар.

Ал жактан бош орундар боюнча кенен маалымат алып, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Бул маалыматты медицина тармагында билими бар ишсиз жүргөн тааныштарыңыздар болсо, аларга да жеткирүүңүздөрдү өтүнөм», — деп жазды ал.

Последние новости