www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 4-декабрда, экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында кол коюлган документтер менен алмашуу аземи болуп өттү.
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:
Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Айыл чарба жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Деңиз иштери министрлигинин ортосундагы Регионалдык байланыштар үчүн Пакистандын портторун колдонуу тармагында өз ара кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы Энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Укук жана юстиция министрлигинин ортосундагы Укуктук кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Энергетика министрлигинин (мунай бөлүмү) ортосундагы Тоо-кен жана геологиялык илимдер жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү, жөнгө салуу жана координациялоо министрлигинин ортосундагы Хирургиялык аспаптар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министринин Жаштар программасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Пакистандын бажы кызматынын ортосундагы Электрондук маалымат алмашууну түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык кызмат академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы менен Пакистан Ислам Республикасынын Заманбап тилдер улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.