www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Шериктештиктин мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кеңейтүү боюнча көрүлгөн олуттуу иштерди белгиледи.
Ал ошондой эле Шериктештик мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык абалды чыңдоого көңүл буруп, бул прогресс негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн, инфраструктуранын өнүгүшүн жана чөлкөмдүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көрсөтүп турарын баса белгиледи.
«Бул жыйынтыктар жалпысынан интеграциялык механизмдердин жана сооданын жөнөкөйлөтүлгөн режимдеринин натыйжалуулугун көрсөтүп, жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүгө ырааттуу жылышты тастыктайт», — деди Мамлекет башчысы.
Соңунда Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанды 2026-жылы КМШга төрагалык кылууну алышы менен куттуктап, Кыргызстандын Шериктештиктин бардык интеграциялык демилгелерине активдүү жана конструктивдүү катышууга болгон туруктуу берилгендигин ырастады.
Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кеңейтилген курамдагы жыйынга катышып, анын жыйынтыгында коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика жана гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү координацияны күчөтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюлду.