www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу мамлекеттер космоско учабыз деп жатышат. Биз болсо велосипед чыгара албайбыз. Ошондуктан Улуттук илимдер академиясын болушунча иштетели деген планыбыз бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда 39 академик бар.

"Тилекке каршы, өзүбүздөн заманбап техниканы жүз пайыз чыгара албайбыз. Тагыраагы, долбоор жасай албайт экенбиз. Баягы эле китеп жазуу, айыл чарбалык иштерди, кен-байлыктарды изилдөө сыяктуу майда-чүйдө иштер менен алек болушат экен. Илимдер академиясын сөзсүз түрдө сактап калуу керек. Бул жөнүндө башка пикир болушу дагы мүмкүн эмес. Анын статусу, формасы менен мазмуну кандай болушу керек деген да маселе бар. Азыр дүйнө жүзү алдыңкы илимий технологиялар боюнча катуу аракеттерди жасап жатат. Биздин Академия эмне үчүн артта калышы керек? Мен бул багыт боюнча талаптарды коюп жатам. Биз Академияны каржы жагынан толук кандуу колдоого даярбыз", — деди президент.

Өлкө башчы алар өздөрү дагы өнүгүүгө аракет кылышы керектигин белгиледи.

"Өз тагдырларын жана Академиянын келечегин өздөрү гана түптөй алышат. Ал жерде илимий кадрларды даярдоо маселелери начар экен. Мен 2022-жылдын 10-майында бир олуттуу жарлыкка кол коюп, "Эл үмүтү" аттуу долбоорду баштагам. Негизги максат — магистратура жана PhD программалары боюнча жаш окумуштууларга дүйнөнүн эң алдыңкы 100 университетинде билим алууга шарт түзүп берүү болгон. 2022-жылы тогуз, ал эми 2023-жылы 17 жаш талант сертификат алып, чет мамлекеттерге жөнөтүлүшкөн. Булар ошол Илимдер академиясынын дагы кадрлар резервдери болуп калышат да. Ошондуктан Академия өзү дагы ушундай демилгелерди колго алуусун талап кылам", — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, кайсы багыттарга артыкчылык берүү зарылдыгын академиктер так көрсөтүп бериши керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости