www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын катышуучулары болгон делегация башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мамлекет башчысы катышуучулар менен саламдашып, Бишкек шаарында өтүп жаткан 21-жыйын ШКУнун алкагындагы коопсуздук жаатындагы 2026-жылдагы негизги окуя катары өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.
Садыр Жапаров өз сөзүндө ШКУга мүчө-мамлекеттер бүгүнкү күндө туш болуп жаткан негизги көйгөйлөрдү белгиледи. Алардын арасында геосаясий чыңалуунун күчөшү, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберчабуулдарды камтыган трансулуттук коркунучтар бар.
Президент Кыргызстан эл аралык карама-каршылыктарды жөнгө салуунун саясий-дипломатиялык ыкмаларын ырааттуу колдой турганын баса белгиледи. Анын айтымында, эң татаал диалог да куралдуу кагылышуудан артык.
Мамлекет башчысы “шанхай рухунун”: өз ара урматтоо, ишеним, бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу жана коопсуздуктун бөлүнбөстүгү принциптерине өзгөчө көңүл бурду.
Президент баса белгилегендей, дал ушул принциптер ШКУ мейкиндигинде туруктуу стабилдүүлүктүн жана узак мөөнөттүү кызматташтыктын негизи болуп саналат.
Садыр Жапаров ошондой эле биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи, алардын арасында атайын кызматтар ортосунда маалымат алмашууну чыңдоо, санариптик мейкиндикте терроризмди каржылоо каналдарына бөгөт коюу жана кризистик кырдаалдарга “жумшак” чара көрүү механизмдерин өнүктүрүү бар. Президент ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) ишмердүүлүгүн жогору баалап, анын жалпы коркунучтарга каршы туруудагы маанилүү ролун белгиледи.
Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров катышуучуларды конструктивдүү, ачык жана прагматикалык диалогго чакырып, 21-жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер ШКУ мейкиндигинде тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары жана өкүлдөрү аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикирлерин айтышып, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоонун зарылдыгын белгилешти, ошондой эле уюмдун алкагында өз ара ишеним жана өнөктөштүк рухунда кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушууга катышкандар:
— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков;
— Беларусь Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Мамлекеттик катчысы Александр Вольфович;
— Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулетов;
— Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу;
— Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Юсуф Рахмон;
— Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов;
— Индия Республикасынын Премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Капур Паван;
— Иран Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат боюнча катчысынын орун басары Али Багери;
— Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министринин биринчи орун басары Ци Янь Цзюнь;
— Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын министринин биринчи орун басары Сажид Балоч;
— ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев;
— ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев.