www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука районунда айдоочу унаасы менен кошо күйүп кеткендиги тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлаган.

Маалыматтарга таянсак, кырсык 5-апрель күнү Ала-Бука айылынын Ибрагимов көчөсүндө жолдун боюнда катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1984-жылы туулган Эрланбек Кенжебаев аттуу айдоочу каза болгон. Маркумдун бир тууганы каза болгон иниси тууралуу коомчулукка кайрылды.

--Урматтуу боордоштор, бир туугандар! Кырсык менен өлүм айттырбай келет тура. Бир тууганым өтүп кабыргам кайышып турат. Тилекке каршы бир тууганымдын кырсык болгон жердеги сүрөттөрү соцтармактардан тарап кетиптир. Мен ал сүрөттү жеринен тийиштүү органдар тартып жатканда өздөрүнө керек экен деп ойлогонмун. Мен Сиздерден суранам, инимдин сүрөттөрүн өчүрүп салгыла. Карыган ата-энем бар. Мындай кырсык эч кимдин башына салбасын”, деген пикирин билдирди.

Эске сала кетсек, так ушул таптарда соцтармактарда маркумдун кырсык болгон жердеги сүрөттөрү коомчулукка тарап, ар кандай пикирлерди жаратууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости