www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Аскат Тейит өзүнүн социалдык тармагы аркылуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн куттуктады. 

Бүгүн, 7-апрель Бакиевдер Кыргызстанды талап-тоноп жатат, мына биз келип Кыргызстанды өнүктүрөбүз деген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн майрамы менен куттуктайм! 

2010-жылга чейинки жашооңор менен 2010-жылдан кийинки жашооңор өзгөрдүбү туугандарым?

Жашоо оңолуп, экономика көтөрүлүп, Алмазбек Атамбаев Кой-Ташка 2,7 гектар жерге там салды.

Силердин жашооңорду дагы 2010-жылы төңкөрүш кылган адамдар оңдоп бердиби? 7-апрелде бей ажал жаш балдар чырпыктай сынды. Али күнгө чейин аларды ким атканы аныктала элек. Атамбаевдин бийлиги 6 жылда аларды ким атканын, тийген ок кайсы куралдан чыкканын дадилдей алган жок. Ортодо карапайым эл кырылды, жыргагандан эле Атамбаев жана анын жанындагы уурулары жыргады. 

Мына, 2010-жылдагы каргаша кайрадан кайталанганы турат. Баягы эле бузуку Атамбаев кайра бийлик басып алууга кам көрүүдө. Бул жолу бийлик басып алууга дагы элди курал кылат. Атамбаев жарандык согуш чыгарганы турат, кеч боло электе жанындагы бузукулары менен чогуу камап салыш керек!

Сиздерди терең урматтоом менен Аскат Тейит

Булак: NazarNews.kg

Последние новости