www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Невшехир провинциясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Невшехир шаарынын мэри Расим Ары, "Невшехир Хаджы Бекташ Вели" университетинин ректору Семих Актекин менен жолугушуу өткөрүп, Невшехир Соода-өнөр жай палатасына барды.

Невшехир шаарынын мэриясында өткөн жолугушууда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, туризм жана мейманкана бизнеси тармагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле археология жана маданий мурастарды сактоо маселелери талкууланды.

"Невшехир Хаджы Бекташ Вели" университетинин ректору Семих Актекин менен болгон маектешүүдө студенттер жана окутуучулар алмашуу программаларын кеңейтүү, стажировкаларды уюштуруу, ошондой эле биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Руслан Казакбаев университеттин жетекчилигине кыргызстандык студенттерди окутууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул демилге түрк тарап тарабынан колдоого алынды.

Невшехир Соода-өнөр жай палатасына болгон сапарынын алкагында Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасы, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору тууралуу презентация жасады.

Элчи Р.Казакбаев Невшехирдин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң потенциалы бар экенин белгилеп, кыргыз жана түрк ишкерлери менен ишканаларынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Невшехирдин бизнес коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришип, айрыкча инвестиция жана туризм тармактарындагы кызматташтыктын келечегине басым жасашты. Туризм секторунун өкүлдөрү Каппадокияда Кыргызстандын туристтик дараметин жайылтууга даяр экендиктерин билдиришти.

Последние новости