www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-мартында Түркия Республикасынын Невшехир провинциясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Каппадокия аймагынын башкармалыгынын жетекчиси Жем Асланбай менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Тараптар туристтик инфраструктураны башкаруу жана өнүктүрүү, тарыхый-археологиялык мурасты сактоо, аймактардын туристтик бренддерин илгерилетүү жаатындагы кыргызстандык адистер үчүн кесиптик алмашууларды жана стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Элчи Р.Казакбаев Каппадокия аймагынын башкармалыгынын жетекчилигин Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кызматташтыктын келечектүү долбоорлорун талкуулоо, өлкөнүн туристтик аймактары менен таанышуу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышуу максатында Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.