www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияда миграциялык документтерди жасалмалоо олуттуу өстү. Мигранттар үчүн документтерди жасалмалоо, даярдоо же сатуу менен байланышканы аныкталган кылмыштардын саны мурунку мезгилге салыштырмалуу 22%га жогору.
Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматынын Тышкы эмгек миграциясы департаментинин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Алексей Гасак билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
“Миграциялык документтерди жасалмалоо, даярдоо же сатуу менен байланышы аныкталган кылмыштардын саны 22%га өстү”, – деп билдирген Гасак “Милицейская волна” радиосуна.
Ал эми Аpn.ru басылмасы жыл башынан бери 160 000 чет элдикке Россияга кирүүгө тыюу салынганын, бирок ага карабай миңдеген адамдар өздүгүн тастыктоочу документтерин өзгөртүп кирүүсү улантылып жаткандыгын жазды.
“2025-жылдын башынан бери 160 000ден ашык чет элдикке Россияга кирүүгө тыюу салынган. Ал эми 3000ден ашык аныкталган чет элдиктер өздүгүн тастыктоочу документтерин өзгөртүп, кирүүсүн улантууда”,- деп жазды басылма полициянын полковниги Алексей Гасактын билдирүүсүнө таянып.
Белгиленгендей, Россиянын Ички иштер министрлиги Чек ара кызматы менен биргеликте чет элдиктердин өзгөртүлгөн өздүгүн тастыктоочу документтер менен өлкөгө кирүү аракетине бөгөт коюп жатат.
Гасактын айтымына караганда, өлкөдөн чыгуудан качкан, аныкталган жана жоопкерчиликке тартылган чет өлкөлүктөрдүн саны 2,5 эсеге көбөйгөн. Жалпы 160 000ден ашык мигранттардын өлкөгө кирүүсүнө чектөө коюлган.
Ал кошумчалагандай, 2025-жылы иммиграция мыйзамдарын бузуу боюнча бир нече ирет текшерүүлөр болуп, айрыкча чет элдиктер массалык түрдө чогулган негизги жерлерде жүргүзүлгөн. Ага курулуш аянтчалары, базарлар, соода борборлору, тейлөө ишканалары жана турак жай имараттары, ошондой эле жатаканалар менен кичи мейманканалар кирген.
Булак: Eurasiatoday