www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралия өкмөтү 10-декабрдан тартып 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык түйүндөргө кирүүгө тыюу салат. Чечимге ылайык, Facebook, Instagram, Snapchat, TikTok, X, YouTube, Reddit, Threads, ошондой эле Kick жана Twitch платформаларындагы балдардын аккаунттары өчүрүлөт. Австралия мындай чечимге барган дүйнөдөгү алгачкы мамлекет.

Өкмөттүн жүйөсүнө караганда, социалдык тармактар балдарды алаксытып, алардын ден соолугуна жана жашоонун сапатына терс таасир тийгизет.

Өткөн жылдын башында жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, 10–15 жаштагы балдардын 96% социалдык тармактарды колдонуп, 70% зыяндуу контентке дуушар болгон.

Ар бир жетинчи бала онлайн-грумингге (чоңдордун ыдык көрсөтүүсүнө) туш болсо, жарымынан көбү кибербуллингдин курмандыгы болгон.

Эгер бала буга карабай социалдык түйүндөргө кирип кетсе, ал же анын ата-энеси жазаланбайт. Мыйзамды сактоо милдети толугу менен социалдык платформалардын өзүнө жүктөлгөн.

Социалдык түйүнгө ээлик кылган компания эрежени сактабаса ири айып пул салынат.

Бул чектөөнү сынга алгандар социалдык чектөө жана интернеттеги коркунучтардын толук алдын алуу үчүн өспүрүмдөрдү онлайн коопсуздукка үйрөтүү маанилүү деп эсептешет.

Последние новости