www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин 2025-жылдын 8-октябрында Тажикстандын борбору Душанбеге мамлекеттик сапар менен келди. Бул иш-чара «Борбор Азия — Россия» форматы боюнча өтчү экинчи саммиттин алдында уюштурулуп, Москва менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө жана келечектүү долбоорлорду талкуулоо максатында маанилүү кадам болмокчу.

Азыркы дүйнөлүк геосаясий жагдайда Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү көптөгөн чакырыктарга туш келүүдө. Бирок Москва чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү аркылуу экономикалык, социалдык жана коопсуздук чөйрөлөрүндө туруктуулукту камсыздоого умтулуп жатат.

Путиндин Душанбеге сапары да Россиянын Борбор Азиядагы жетекчилик позициясын бекемдөөгө, аймактагы өнөктөштөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Россия менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык мамилелер мындан ары да тереңдеп, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Россия өзүнүн бай ресурстарын колдонуп, аймакта энергетика, инфраструктура жана санариптештирүү тармактарында ири долбоорлорду колдоого жөндөмдүү экени талашсыз.

Мындай багыттагы кызматташтык экономикалык өсүүгө түрткү берип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле, өз ара коопсуздук маселелеринде Россия Борбор Азия өлкөлөрү менен терең кызматташууга басым жасап, терроризм, экстремизм, жана башка коркунучтарга каршы күрөштү жигердүү улантууда.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана башка аймактык платформалар аркылуу Москва аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоодо маанилүү ролду аткарууда.

Путиндин Душанбедеги сапары Москва менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун жаңы барагын ачууда. Россия өзүнүн бай дипломатиялык тажрыйбасы менен чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын урматтап, бири-бирине түшүнүү жана урмат-сый негизинде кызматташууга аракеттенүүдө.

Бул сапар – Москва үчүн Борбор Азиянын экономикалык, социалдык жана коопсуздук мейкиндиктеринде туруктуулукту камсыздоодо маанилүү кадам.

Саммит алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда биргелешкен долбоорлор талкууланып, аймактагы элдердин бакубат жашоосуна шарт түзүүгө багытталган багыттар аныкталат.

Натыйжада Москва өзүнүн таянычын жоготпой, экономикалык жана саясий шериктеш катары чөлкөмдө туруктуулукту, өнүгүүнү жана коопсуздукту камсыз кылууга кызыкдар. Путиндин Душанбедеги сапары – бул биргелешкен келечекке багытталган ишенимдүү жана конструктивдүү кадам десек жарашат.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews

PS: Россия тууралуу NazarNewsка чыккан макала сайттын жеке кызыкчылыгы, маалыматтарга кандайдыр бир адамдардын же бир уюмдар менен келишими жок.

Последние новости