www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмил Жамгырчиев — саясаттагы адепсиздиктин, моралдык жоопкерчиликтен качуунун айкын символу болуп барат. Ал буга дейре эл өкүлү болуп кыйраткан жок. Бир катар кылмыш иштерине шектелип камалып чыкты. Бирок, суудан кургак чыгуунун адиси окшойт, уят-сыйытты жыйыштырып коюп кайрадан депутат болот элем дегп шайлоого даярданып жүрөт.  

Анын коомду таң калтырган жоругу – Өзбекстандык белгилүү кримтөбөл Салим Байбачага жардам сурап кат жазганы болду. Эл өкүлү болуп туруп, чет өлкөнүн кылмыштуу дүйнөсүнүн лидеринен "колдоо" сураганы мыйзамга да, акылга да сыйгыс кылык эмеспи. 

Эң үрөй учурганы — Жогорку Кеңештин терезесинен секирип качкан көрүнүш. Бул кадимки сатира эмес, чыныгы саясий трагикомедия. Сотко же коомдук пикирге жооп берүүнүн ордуна, терезеден секирип качкан мындай пастыгы аркылуу, моралдык жана укуктук жоопкерчиликтен, абийир, ар-намыстан таптакыр карманча куржалак калганын тастыктап койгон.

Баса, Жамгырчиев учурда камакта жаткан Тилекмат Күрөңовдун паспортун Дубайдан уурдай качканы боюнча дагы коомго күлкү, дүң болгон. Бул окуяны Тилекмат Күрөңов өзү жар салган жайы бар. Мындан улам, Жамгырчиевге карата коомдо катуу иренжүү пайда болгон. 

Бул адам саясий айдыңга кайтып келиш үчүн эң жок дегенде “ооба, мен жаңылдым, эл алдында жоопкерчимин” деп айтышы керек болчу. Бирок андай болгон жок.

Кыргызстандын келечеги — кылмыш иши козголгондордо, качып кутулган “акылдууларда” эмес. Өлкөнүн үмүтү — өзүнө, мыйзамга, элге жооптуу, уяттуу адамдарда. Ал эми моралдык жоопкерчилик деген нерсе мыйзамдан да бийик болушу керек.

Андыктан, Эмил Жамгырчиевге окшогондор саясатка аралашып, мамлекеттин келечеги менен ойногонду коюп, элден кечирим сурап, саясаттан баш тартса, өзү үчүн да, коом үчүн да эң туура чечим ошол болмок. Мүмкүн биз билбеген чындык бардыр. 

Последние новости