www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү Кремль менен Киевдин ортосунда согуш майданында гана маалыматтык айдыңда дагы катуу күрөш жүрүп жатат. Эки тарап тең дүйнө коомчулугуна өз чындыгына ынандырууга жан үрөшүүдө. Бирок алардын карама-каршы багыттагы билдирүүлөрүнүн чын-төгүнүн дүйүнө талдап үлгүрбөй жатат.

Мына айталы, Москва украин аскерлеринин Купянск жана Красноармейск аймактарында курчоодо калганын билдирип, Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Киевди “чыныгы абалды жашырып жатат” деп айыптады. Анын айтымында, батыш журналисттеринин курчоодогу райондорго киришине Украина жол бербей, коомчулукка аскерлердин оор абалын көрсөтпөөнү көздөп жатат. Ошол эле маалда Россия тарап ок атышпоого кыска мөөнөттүк терезе берүүгө даяр экенин билдирип, бул кадамды гуманитардык иш-аракет катары түшүндүрдү.

Бирок Киев фронттогу реалдуу жоготууларды жашыруу аркылуу коомдун духун сактоо маанилүү экенине басым коюп жатканы байкалат. Мындан улам, майдандагы чыныгы абалды көрсөтүүдөн качып, украин аскер бөлүктөрү курчоодо калганын жашырууга жандалбастап жатканы айтылууда. Анткен менен Украин аскерлеринин чоң жоготууга учуроосуна кайыл болгон Зеленскийдин өзүмчүлдүгү, далай өмүрдүн кыйылышына шарт түзө турган болду.

Көрүнүп тургандай, фронт сызыгы бүгүн маалымат мейкиндигинде да өтүүдө. Ар бир тарап өз чындыгын түзүп, дүйнөгө жеткирүүгө аракет кылууда. Курчоодогу украин аскерлеринин абалы азырынча көз карандысыз булактар аркылуу так тастыкталбай турат. Бирок бир нерсе айкын көрүндү, бул согушта ок гана эмес, сөз да куралга айланды.

Последние новости