www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте  чет элдик жарандар кармалды

Пара берүүгө шектелген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБдин №3 коомдук коопсуздук кызматынын башчысы чет элдик жарандын аракетине байланыштуу рапорт жазган. Чет элдик жаран беш суткага камакка алынып, жасалма паспорт фактысы боюнча сүйлөшүү учурунда милиция кызматкерине пара сунуштаган.

28 октябрда 1984-жылы туулган М.Т.А. жана 1988-жылы туулан Б.С.А. аттуу эки чет элдик жаран КККнын башчысынын кызматтык кабинетинде 900 доллар берип жаткан жеринен кармалган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча катталды.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Последние новости