www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстанга 2 миллиард рубль бөлүүгө даяр

Россия Кыргызстандагы калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүүгө 2 миллиард 141 миллион рубль бөлүүнү пландап жатканын Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча 92 калдык сактоочу жай бар болсо, анын 62си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында турат.

"Кажы-Сай жана Миң-Куштагы төрт калдык сактоочу жайды рекультивациялоо иштери аяктап жатат. Мындан тышкары, биздин кайрылуубуздан кийин Россия бул максаттарга 2 миллиард 141 миллион рубль бөлүүнү көздөп жатат. Тиешелүү келишим иштеп чыктык, документтин алкагында бул ишти жүргүзө тургандарды салык төлөөдөн бошотуп беребиз", — деди Мамбетов.

Анын айтымында, Кажы-Сай (Тон району), Сумсар (Чаткал району) жана Канда (Кадамжай району) беш объектти реабилитациялоо пландалууда. Мындан тышкары, Таш-Көмүр жана Ноокат райондорундагы тоо таштандылары рекультивацияланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости