www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиядан Россияга бензиндин алгачкы 42 миң тонналык партиясы жеткирилди. Жүк «Роснефть» компаниясынын акционерлеринин бири болгон Nayara Energy заводунан жөнөтүлгөн.
Маалыматка ылайык, Россия күйүүчү май тартыштыгынан улам Индиядан бензин импорттой баштаган. Жалпысынан Россия айына ар кайсы өлкөлөрдөн 400 миң тоннага чейин бензин импорттоону пландап жатат.
Бул жагдай Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө. Өлкө күйүүчү майдын дээрлик 95 пайызын Россиядан импорттойт. Россиядагы мунай иштетүүчү заводдорго болгон чабуулдардан улам жеткирүүлөр азайып, Кыргызстанда бензин жана дизель кымбаттап, айрым май куюучу жайларда тартыштык жаралган.
Буга чейин Кыргызстан менен Россия ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу май жеткирүү боюнча макулдашканы кабарланган.