www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылы Россия Кыргызстанга 1,5 миллион тонна ГСМ жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов билдирди.

2026-жылга карата жеткирүүлөрдүн индикативдик балансы мурда 2025-жылдын деңгээлинде макулдашылган. Ага 650 миң тонна бензин, 550 миң тонна дизелдик күйүүчү май, 150 миң тонна реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү май, 50 миң тонна мунай жана 60 миң тонна мунай битуму кирет, - деп маалымдады ал.

Дипломаттын айтымында, ошол эле учурда көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын муктаждыктарына жараша өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Последние новости