www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дипломат Вашингтон санариптик чөйрөдө глобалдык диктатураны орнотууга аракеттенип жатканын айткан.

 АКШ дүйнөдө санариптик диктатураны орнотууга умтулууда. Бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясынын маалымат комитетинин жыйынында Россиянын уюмдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, интернетти көзөмөлдөө рычагдары жалпы жонунан батышта жайгашкан жана алардын юрисдикцияларында АКШнын негизги IT монополисттери катталган. Мындан пайдаланып Вашингтон түпкү максаты санариптик чөйрөдө глобалдык диктатураны орнотууга түртө турган аракеттерди кубаттоодо.

Полянский батыш алтернативдүү маалыматты чектөө аркылуу санариптик мейкиндикти толук көзөмөлдөөгө багытталган өбөлгөлөрдү түзүүдө деп эсептейт.

"Мисалы, батыш IT монополисттеринин сайттарында акыркы убакта ксенофобиялык, расистик, улутчул жана руссофобиялык материалдар жайылтылууда, бирок алардын модераторлору буга көңүл бурган жок", — деп белгиледи дипломат.

Ошол эле ал батыштыкынан айырмаланган көз карашты чагылдырган ЖМКлар жана катардагы колдонуучулардын каналдары менен аккаунттары бөгөттөлүп жатканына токтолуп, мунун артында АКШнын мамлекеттик органдары турарын болгологон.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости