www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун ыр-бий ансамбли Кыргызстанда концерт коёт. Бул тууралуу РФтин Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады.

Билдирмеге ылайык, 25-апрелден 3-майга чейин аталган ансамбль Кыргызстандын бир катар аймактарына барып концерт коёт. Иш-чара Жеңиш майрамына карата уюштурулууда.

Убакыт-сааты:

25-апрель, саат 18:00 – Талас шаарындагы облустук музыкалык драма театры;

27-апрель, саат 17:00 – Кара-Балта шаарындагы маданият үйү;

28-апрель, саат 18:00 – Бишкек шаарындагы "Ынтымак" паркында;

29-апрель, саат 17:00 – Каракол шаарындагы облустук музыкалык драма театры;

30-апрель, саат 17:00 – Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры;

2-май, саат 17:00 – Чүй облусундагы Арашан айылындагы орто мектепте;

3-май, саат 17:00 – Чүйдүн Ленин айылындагы борбордук аянтында.

Бардык концертке кирүү акысыз. Ансамбль 1939-жылы түзүлгөн, репертуарында мекенчилдик сезимди ойготкон, Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган, орус элинин улуттук ырлары, заманбап лирикалык чыгармалар, эстрадалык ырлар жана кыргыз тилиндеги чыгармалар бар.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости