www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Пасха майрамына карата Украина менен убактылуу элдешүү жарыялады. Ал 11-апрелде саат 16:00дө башталып, 12-апрелдин аягына чейин созулат. Кремлдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Орусия украин тараптан да ушундай кылат деп күтөт.

Коргоо министри Андрей Белоусовго жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовго бардык багыттар боюнча согуштук аракеттерди токтотуу тапшырылды.

«Аскерлер душмандын ар кандай провокацияларына, ошондой эле ар кандай агрессивдүү аракеттерге жол бербөөгө даяр болушу керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул Украинадагы орусиялык аскердик операция учурундагы бери дегенде төртүнчү ок атышууну токтотуусу болуп саналат. Биринчиси 2023-жылы Рождество майрамына карата жарыяланган. 2025-жылы эки жолу ок атышууну токтотуу жарыяланган. Анда Пасха майрамында жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн токтотулган.

Последние новости