www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин ВГТРКнын кабарчысы Павел Зарубинге берген маегинде АКШ президенти Жо Байдендин Украина жеңилсе, Орусия НАТО өлкөлөрүнүн бирине кол салышы мүмкүн деген сөзүнө жооп кайтарды. Ал бул сөздөрдү "нонсенс" деп атап, Байден өзү да муну түшүнөрүн айтты.
"Орусия НАТО өлкөлөрү менен согушууга геосаясий да, экономикалык да, саясий да, аскердик да жактан кызыкдар эмес", - деди Путин.
Анын айтымында, Орусия НАТО өлкөлөрү менен “мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар”. Ал Финляндиянын НАТОго кошулушуна нааразыгылын билдирген. Путин буга чейин бул өлкөнүн Орусия менен эч кандай көйгөйү болбогонун белгилеп, бирок эми жараларын эскерткен. Путиндин сөзүнө караганда, Орусия Финляндия менен чек арага жакын жерде аскер бөлүктөрүн жайгаштырат.
6-декабрда АКШ президенти Жо Байден Конгресстеги республикачыларга кайрылып, Украинага жаңы жардам берүүгө чакырган. Ал Москва Украинаны жеңип алса, НАТОнун мүчөлөрүнө жана анын өнөктөштөрүнө кол салышы мүмкүн экенин эскерткен.
"Путин Киевди каратып алуу менен токтобойт. Ал НАТОнун өнөктөштөрүнө кол салат, мына ошондо америкалык армия орус армиясы менен согушат", - деген Байден.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган. Бул аралыкта он миңден ашуун жайкын тургун набыт болгонун Бириккен Улуттар Уюму 21-ноябрда билдирип, чыныгы көрсөткүч мындан көп болушу мүмкүн экенин, себеби кармаштар жүрүп жаткан аймактарда эсеп жүргүзүүгө шарт жоктугун билдирген.
Булак: NazarNews.kg