www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин Кремлде АКШнын президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Төрт саатка созулган сүйлөшүүгө Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана атайын өкүл Кирилл Дмитриев катышса, америкалык делегациянын курамында Стив Уиткофф, Жаред Кушнер жана Ак үйдүн улук кеңешчиси Жош Грюнбаум болду.

Кремлдин маалыматына ылайык, тараптар украин кризисин аймактык маселелерди чечмейинче жөнгө салуу мүмкүн эместигин белгилешти. Ошондой эле жума күнү Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрү катышкан коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу жумушчу топтун биринчи жыйыны өтмөкчү. Россия делегациясы бул жолугушууга Путиндин так көрсөтмөлөрү менен барат.

Мындан тышкары, АКШ өкүлдөрү Давосто өткөн сүйлөшүүлөр, анын ичинде Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу боюнча пикирлерин бөлүштү. Россия Газа маселеси боюнча Тынчтык кеңешине тоңдурулган активдердин эсебинен 1 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин билдирип, калган каражатты келечекте Россия менен Украинанын тынчтык келишиминен кийин аймактарды калыбына келтирүүгө багыттоону сунуштады.

Ошол эле учурда Москва саясий-дипломатиялык чечим табылмайынча атайын аскердик операция улана берерин дагы бир жолу баса белгиледи.

Булак: NazarNews

Последние новости