www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили кызматынан кеткенин жарыялады. Чет элдик маалымат каражаттарынын билдиришинче, ал өкмөттүн аскердик чыгымдар боюнча саясатына макул болбой, премьер-министр Кир Стармер менен пикир келишпестиктен кийин отставкага кеткен. 

Хили өз билдирүүсүндө өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдоо үчүн көбүрөөк каражат талап кылынарын белгилеп, азыркы каржылоо деңгээли жетишсиз экенин айткан. Анын айтымында, дүйнөдөгү коопсуздук коркунучтары күчөп жаткан шартта армияга кошумча инвестиция зарыл.

Буга чейин Хилинин Орусия президенти Владимир Путинге байланыштуу Венесуэланын Америка уурдап кеткен президенти Мадуро сыяктуу уурдап кетиш керек деп айткан кескин билдирүүлөрү коомчулукта талкуу жараткан. Бирок анын кызматтан кетишинин расмий себеби коргонуу тармагын каржылоо маселеси менен байланыштуу экени белгиленүүдө. 

Хилинин ордуна жаңы коргоо министри болуп Дэн Жарвис дайындалды.

Последние новости