www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров психология боюнча жогорку билими жок адамдарга психологиялык кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койду.
Жаңы мыйзамда «психологиялык кызмат көрсөтүүлөр» түшүнүгүнө аныктама берилген. Ага ылайык, психологиялык кызмат көрсөтүүлөр – практикалык психолог тарабынан өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иш. Ошондой эле психологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Мындан тышкары жаңы мыйзамга ылайык, көрсөтүлгөн чөйрөдө иш жүргүзүү укугун бере турган адистик боюнча кесиптик жогорку билимин ырастоочу документтери жок адамдардын психологиялык кызматтарды жарнамалоосуна жол берилбейт.