www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Прокуратурага ишкерлер жана ар кандай деңгээлдеги чиновниктер бир жуманын ичинде УКМКнын кызматкерлерине каршы кызматтык кылмыштар боюнча 500гө жакын арыз жазышканы маалым болду.
Мындай өңүттөгү арыздануулар УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин анын өлкө боюнча иштеген бир катар кол алдындагы жетекчилери да кызматтан бошотулгандан кийин түшө баштады. Арыздардын дээрлик көбү УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын башчысы Эльдар Жакыпбеков менен Ош шаары жана Ош облусу боюнча ГКНБнын башчысы Салмоор Жумабековдун үстүнөн түшүп жатканы айтылып жатат.
Учурда Жакыпбеков камакта, Жумабеков кызматынан бошотулган.