www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов депутаттык мандатын тапшыргандан кийин шайлоочуларына кайрылуу жасады.
— Мен депутаттык ыйгарым укуктарымды өз ыктыярым менен тапшыруу чечимин кабыл алдым. Бул чечим терең ойлонуу менен, бардык жагдайларды эске алуу аркылуу кабыл алынды.
Кызматымдын жүрүшүндө элдин үнүн угууга, көйгөйлөрдү көтөрүүгө жана мүмкүн болушунча чечүүгө аракет кылдым. Ар бир кайрылуу мен үчүн маанилүү болду. Баарын бир күндө өзгөртүү мүмкүн эмес экенин билебиз, бирок ошого карабастан ар дайым аракетте болдум. Мен кызматка келгенде «кызматым элимдин бакубат жашоосу үчүн» деп келгенмин жана бул принцип өзгөрбөйт. Элге кызмат кылуу мандат менен гана чектелбейт.
Акыркы күндөрү, өзгөчө ыйык Орозо айында, социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып, эки жаат болуп талаш-тартыштар жаралганын көрдүм. Мен үчүн эң башкысы — элдин ынтымагы жана мамлекеттин тынчтыгы. Мандат менин абийиримден, беделимден жана элдин биримдигинен жогору турбайт. Коомдогу бөлүнүүнү тереңдетпөө максатында депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотууну туура көрдүм.
Интернетте тарап жаткан айрым видеолор боюнча да так айта кетем: ал бала менен жеке тааныштыгым жок. Мага эч кандай басым же мажбурлоо болгон эмес. Тескерисинче, анын жетекчилери тарабынан кысым болуп жатканын укканда, маселени тынч жол менен чечүү керектигин, катуу уруш-талашка барбоону айткам.
Бул чечимди сыноо катары кабыл албайм. Аны саясатташтырбооңуздарды өтүнөм. Менден кийин депутаттык кызматты аркалай турган талапкерге ийгиликтерди каалайм.
Мени шайлаган округумдагы шайлоочуларыма, шайлоо өнөктүгүндө колдоо көрсөткөн тарапташтарыма терең ыраазычылык билдирем жана баарыңыздардан кечирим сурайм.
Улуу Рамазан айында кармап жаткан Орозоңуздар кабыл болсун. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо болсун, - деген мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов.
Эске сала кетсек, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 23-февралда өткөн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу кайрылуусун карап чыкты.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаты К.Сулаймановдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.
№14 шайлоо округундагы талапкерлердин добуштарынын саны боюнча анын ордун 6605 добуш топтогон Дүйшөнбиев Райимберди Сейдакматович ээлеши мүмкүн.