www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн бир катар аймактарында жүргөн селдин кесепетинен канча зыян келгени эсептелгенден кийин жабыркагандарга президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, акыркы күндөрү Кыргызстандын айрым облустарында сел жүрүп, бир кишинин өмүрүн алган.
Маалымат кызматынан селдин кесепетинен турак үй, короо-жайларга зыян келгенин, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эместигин, анын кесепетин жоюуга тийиштүү түзүмдөрдүн, министрликтердин күчү, техникалык каражаты жетиштүү экенин белгилешкен.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Кыргызстанда дагы эле сел жүрүү коркунучу бар экенин Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости