www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмени ачып жатып, Адылбек Касымалиев Башкы план борбор калаанын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык жана аймактык өнүгүүсүн аныктоочу негизги стратегиялык документ болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында, долбоорго коомчулуктун кеңири кызыгуусу ачык жана ар тараптуу талкуулоонун, келип түшкөн сунуштарды эске алуунун жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баалоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

«Шаардын туруктуу өнүгүүсү, тургундардын жайлуулугу жана коопсуздугу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана Бишкектин инвестициялык жагымдуулугу Башкы пландын сапатына жана тең салмактуулугуна түздөн-түз көз каранды, мында жашыл аймактарды, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу милдеттүү болуп саналат», — деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Кеңешменин жүрүшүндө 2024-жылдагы административдик-аймактык реформанын натыйжасында шаардын аймагы 25 707,3 гектарга көбөйүп, учурда 41 032,67 гектарды түзөрү белгиленди. Калктын саны 132 380 адамга көбөйүп, 1,3 миллионго жакын адамга жетти, ошол эле учурда урбанизациянын активдүү процесстерин эске алуу менен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр жогору болушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары көчө-жол тармагынын ашыкча жүктөлүшү жана транспорт тыгындары, жашылдандыруу жана эс алуу аймактарынын жетишсиздиги, инженердик-коммуналдык инфраструктуранын эскириши, ошондой эле шаар куруунун баш аламан учурлары сыяктуу бир катар системалык көйгөйлөргө туш болуп жатканы баса белгиленди. Бул шаардык чөйрөнүн сапатына жана шаар тургундарынын жашоо шартына терс таасирин тийгизүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Башкы пландын долбоору 2025-жылдын октябрь айында коомдук талкууга коюлганын билдирди. Бул аралыкта 300дөн ашык сын-пикирлер жана сунуштар келип түштү, алар документти андан ары иштеп чыгууда кылдаттык менен каралып, эске алынат.

Башкы пландын долбоорун иштеп чыккан Санкт-Петербург шаарынын Перспективалуу шаар куруу илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү шаардын учурдагы абалына, демографиялык тенденцияларына жана борбор калаанын 2050-жылга чейинки өнүгүүсүнүн негизги багыттарына, анын ичинде транспорттук, социалдык жана инженердик инфраструктура маселелерине талдоо жүргүзүлгөн презентацияны тартуулашты.

Последние новости