www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-октябрда Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Арстанбек Абдылдаев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. БШК билдиргендей, үч жаран тең өзүн-өзү көрсөтүштү.

Назарбек Нышанов «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти, мурда да президенттикке өзүн көрсөтүп, бирок талапкер болуп катталбай калган.

Кубан Чороев - «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, экономикалык эксперт.

Арстанбек Абдылдаев - «Аурдин» компаниясынын директору, коомчулукта динге байланыштуу бир катар билдирүүлөрү менен таанымал. Абдылдаев мурда президенттикке ат салышкан.

30-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген. Саясатчы партиянын атынан эмес, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен баратканын билдирген.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. Ал азырынча БШКга арыз бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости