www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнө жана парламенттин аппаратынын кызматкерлерине октябрдын айлыгы берилбей калганын өзүнүн "Телеграмдагы" каналына жазды.

Ал бул билдирүүсүн «Азаттыкка» да ырастап, адатта маяна ай бүткүчө берилип келгенин, бул ирет кызматкерлер акча албаганын билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Индира Куралбекова бул маалыматты ырастап, анын себептерине түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, 5-6-октябрдагы болуп өткөн окуялардан улам Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде да көйгөйлөр жаралган.

«Натыйжада Жогорку Кеңеште иштегендердин айлык маянасын убагында берүү кечеңдеди. Учурда документтерди калыбына келтирүү менен эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет»,-деди Куралбекова.

2019-жылы Жогорку Кеңешке бюджеттен 784 млн. 794,8 миң сом бөлүнгөн. Парламент анын 776 млн. 750,3 миңин иштеткен. Быйыл бюджеттен парламенттин ишмердүүлүгүнө 694 млн. сом каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости