www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-ноябрда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары саммиттин алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышты.

Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга катышуучу-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин сый-урматынын жана меймандостугунун символу катары колго жасалган панно жана улуттук музыкалык аспаптарды тартуу кылды.

Последние новости