www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Бердымухамедовдун токтому менен Түркмөнстан Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдиги административдик борбор куруу үчүн мамлекеттен 1,5 миллиард доллар алат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Картинки по запросу "бердымухамедов""

Ахал административдик борборун куруу боюнча мамлекеттик долбоорго тендер өткөрүлгөнбү же жокпу белгисиз. Бирок биримдиктин башчысы Александр Дадаев президенттин колдоосу менен келишимди аткаруу укугун алганын билдирген.

Учурда президенттин уулу Сердар Бердымухамедов жетектеп жаткан Ахал облусунун жаңы административдик борборун курууга даярдык көрүү жараяны 2018-жылы күзүндө башталган.

Өлкөдөгү каатчылыкка карабай, Түркмөнстан Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдиги 2016-жылдан бери ар кыл объектилерди куруу боюнча мамлекет менен миллиарддаган долларга келишимдерди түзүп келет.

Буга чейин компания Ашхабад-Түркмөнабат жолун куруу укугун алган. Бул үчүн мамлекеттик казнадан 2,3 миллиард АКШ доллары бөлүнгөн.

Жолду жана административдик борборду курууга «Нусай Ёллары» курулуш компаниясы катышууда. Turkmen.news басылмасынын маалыматына караганда, анын жетекчиси – президенттин күйөө баласы Аннаназар Режепов.

Түркмөнстандын расмий басылмалары «Нусай Ёллары» ооруканаларды, турак-жайларды куруу боюнча мамлекет менен ири келишимдерди түзгөнүн кабарлашкан.

«Нусай Ёллары» Түркмөнстанда бир нече фирмаларга ээлик кылат. Мындан тышкары Түркия, Улуу Британия жана башка бир нече офшорлордо катталган компаниялар менен кызматташат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости