www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо министри өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын таралышына каршы күрөшүүгө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктады.

"Өлкө үчүн эң татаал учурда кесиптик милдетиңерди татыктуу аткарып жатасыздар. Дарыгерлербиздин чоң армиясы бүгүнкү күндө элибиздин саламаттыгын жана өмүрүн сактоо максатында өз жанын унутуп коюп, айрымдары үй-бүлөсүн, балдарын көрбөй, айлап иш үстүндө болууда. Медиктерибизге терең ыраазычылык билдиребиз", — деди өлкө башчысы.

Сооронбай Жээнбеков мамлекет артыкчылыктуу багыт катары медиктерге колдоо көрсөтүп, коронавирус илдетин жеңүү үчүн бардык ресурстар менен камсыз кыларын баса белгиледи.

Президент кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына министрдин көңүлүн бурду.

Бейтаптарды кабыл алуу жана жайгаштыруу алгоритмин зарылдыгына жараша ийкемдүү өзгөртүүгө, бейтаптардын жана дарыгерлердин муктаждыктары жөнүндө так жана өз убагында маалымат берип турууга чакырды.

Мамлекет башчысы дагы бир жолу медицина кызматкерлерин мобилизациялоо зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге саламаттыкты сактоо системасын толугу менен санариптештирүүнү күчөтүүнүн, ал эми азыркы шарттарда бейтаптарды ыкчам орундуктарга жайгаштыруу үчүн ооруканалардын бирдиктүү санарип картасын иштеп чыгуунун маанисин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости