www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нарындын Ат-Башы районунда эл менен жолугушуу учурунда Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каражат изделип жатканын билдирди.

 - Жетим-Тоону азыр изилдеп жатабыз, Кумтөр сыяктуу 100% өзүбүз иштетели деген аракет көрүүдөбүз. Бирок, өтө чоң каражат кетет экен. Болжол менен 9 млрд доллар каражат. Бирок, ошол салынса өзүн 5-10 жылда актайт экен. Азыр өзүбүз иштетебиз деп каражат издеп жатабыз. Күчүбүз жетип калса өзүбүз иштетебиз, болбосо 70-30 дейбизби, 60-40 дейбизби, инвестор тапсак кошо иштетебиз, - деди президент.

2022-жылы Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенин Кыргызстан өзү иштетерин, башкаларга үлүш берилбей турганын жазган.

Последние новости