www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү башталат. Орто кесиптик окуу жайларына (колледждерге) кабыл алуу 6-июлдан, ал эми жогорку окуу жайларына 13-июлдан тартып жүргүзүлөт.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, ЖОЖдорго кабыл алуу мурдагыдай эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
Искусство, дене тарбия жана спорт багыттарына тапшырууда ЖРТ талап кылынбайт.
Быйыл ЖОЖдорго тапшыруу үчүн босого упай өзгөрүүсүз калды. Абитуриенттер документтерин «Абитуриент Online» платформасы аркылуу онлайн тапшыра алышат.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандар үчүн өзүнчө кабыл алуу борбору иштей баштады.
2026-жылдан тарта 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр колледждерге да ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат.
Ал эми 9-классты бүтүргөндөр окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде тапшыра алышат.