www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасына Монголиянын коргоо министри Батлут Дамба жетектеген Монголиянын Коргоо министрлигинин делегациясы расмий иш сапары менен келди.

Конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысы, генерал-майор Талантбек Талипов тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Монголиянын коргоо министри Кыргыз Республикасынын коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов менен жолугушат.

Тараптар кыргыз-монгол аскердик кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле делегациянын программасына «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине баруу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрү жана аскердик объектилери менен таанышуу, ошондой эле маданий иш-чараларга катышуу киргизилген.

Монголиянын Коргоо министрлигинин делегациясынын Кыргызстандагы расмий иш сапары 2026-жылдын 27-июнуна чейин уланат.

Последние новости