www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-майда, Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы жыйыны өтүп жатат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорян катышууда.
Кеңейтилген курамдагы жыйынга байкоочу өлкөлөрдүн делегация башчылары: Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Кубанын Вице-президенти Сальвадор Меса жана Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Атабак кошулду.
Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин катышуучулар кеңири курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.
Жыйындын соңунда катышуучулар бир катар документтерге кол коюшат.