www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо, ошондой эле Бишкек шаары менен Россиянын өнөктөш шаарларынын ортосунда мурда жетишилген макулдашуулардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Шаар мэри Россия Федерациясы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, анын ичинде бир тууган шаарлар жана өнөктөш шаарлар аркылуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Шаардык башкаруу, транспорт, санариптештирүү, билим берүү жана башка тармактарда тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.