www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3–8-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында спорттук күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдеши өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары катышат.
Эл аралык рейтингдик турнирде дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген балбандар күч сынашат.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:
60 кг чейин — Акыл Сулайманов;
63 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков;
72 кг чейин — Амантур Исмаилов;
72 кг чейин — Жантөрө Мырзалиев;
72 кг чейин — Аманат Самат уулу;
77 кг чейин — Бекзат Орункул уулу;
82 кг чейин — Имур Темирбеков;
87 кг чейин — Азат Салидинов.
Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев;
Башкы машыктыруучу — Улук Карачолоков.
Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы:
61 кг чейин — Өмүрбек Асан уулу;
70 кг чейин — Аден Сакыбаев;
70 кг чейин — Рустам Кахаров;
79 кг чейин — Бекзат Рахимов;
86 кг чейин — Малик Шаваев.
Улук машыктыруучу — Догдурбек уулу Эламан.