www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, 2025-жылдагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык адабият, музыка жана кино искусствосу багыттарында өзгөчө эмгек жараткан үч чыгармачыл инсанга ыйгарылды.
Адабият жаатындагы мамлекеттик сыйлык жазуучу Ишен Айтмамбетовго «Бет-Алман» тарыхый романы үчүн берилди.
Музыка багытында композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков «Боз жорго» чыгармасы үчүн сыйланды.
Ал эми кино искусствосу, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы мамлекеттик сыйлык режиссер Тилек Абдыкадырга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган төрт сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн ыйгарылды.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык адабият жана искусство тармагындагы көрүнүктүү чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылат.