www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Нурбек Сыдыгалиев оор кылмыш жасоого аракет кылган деп айыпталып жаткандар эмне үчүн камакка алынбаганына түшүнбөй жатканын билдирди.

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште “75 аксакалдын каты” боюнча кырдаал талкууланды. Учурда бул иш боюнча соттук процесс жүрүп жатат жана ал коомчулукта “75 иши” деген ат менен белгилүү. Бул иштин алкагында мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамга бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган. Бул оор кылмыштардын категориясына кирет.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев соттун жана тергөөнүн чечимине баа бере албасын белгилеп, бирок эгер айыпталуучуларга оор беренелер коюлса, алар тергөө жана сот учурунда камакта болушу керек деген пикирин айтты.

“Бул адамдар күбө сыяктуу эле сотко келип жүрүшөт. Алар камакта болушу керек. Бул маселени карап көрүңүздөр”, - деп Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылды.

Последние новости