www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунда кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону (суглинок) казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы биринчи орун басары кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону казып алууга күбөлүктөрдү берүү тууралуу чечимдерди кабыл алышканы аныкталган.

Ушул күбөлүктөрдүн негизинде жер казынасын пайдаланууга уруксат берүүчү документтер таризделген.

Тергөөдө ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу иштеринде берилген тоо-кен тилкелеринин чегинен чыгып кетүү фактылары аныкталган.

Мунун кесепетинен жердин түшүмдүү катмарына зыян келтирилип, алдын ала эсеп боюнча мамлекетке 14,2 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген.

Аталган кылмыш ишинин алкагында күбөлүктү мыйзамсыз берүү фактысына тиешеси бар деген шек менен Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы биринчи орун басары Д.М.К. кармалды.

Учурда тергөө амалдары улантылып, окуянын бардык жагдайлары, ага тиешеси бар башка адамдар жана мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмү аныкталып жатканын УКМК билдирди.

Последние новости